Кечээ, 4-июнда авариялык абалда конгон учактан жабыркаган бир бейтаптын абалы оор.Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, ар түрдүү деңгээлдеги күйүк алган 5 жабырлануучу күйүк бөлүмүнө, бирөө травматологияга, 3 адам нейрохирургияга жаткырылган. Бир жабырлануучунун абалы оор деп, төрт жабырлануучу орто оордукта, дагы төртөө салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Калган 5 жабырлануучу биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин аскердик госпиталга жөнөтүлгө.
Эске салсак, кечээ Ош облусунун Ноокат районунда КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 МТ тик учагы конууга аргасыз болуп, авариялык абалда конгон. Каттуу конгондон улам учактан өрт чыккан. Учактын ичинде учкучтар менен бирге 14 адам болгон.