7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Тоо-3 конушунун 40ка жакын тургунун алдап кеткен квартал башчысы кармалды

1594

Сокулук районунда жашоочулардан чогулткан акча каражаттарын башка жака коротууга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-декабрь күнү Сокулук РИИБүнө 1980-жылы туулган М.А. аттуу аял арыз менен кайрылып, Ала-Тоо-3 жаңы конушунун мурунку квартал башчысы электр энергиясын киргизүү үчүн андан 25 миң сом алып, убадасын аткарбай ал акчаны өзүнүн керектөөлөрүнө жумшап салганын билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1969-жылы туулган К.К. аттуу аял кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жогорудагыдай 40 дан ашуун фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда, шектүү аял жергиликтүү жашоочуларга электр энергиясын тартып келүүнү убада кылып акча каражаттарын чогултуп, кийин каражаттарды өзүнүн керектөөлөрүнө жумшаганы маалым болгон. Кармалган аял Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1595