7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта бирөөнүн жерин сатып жиберген 45 жаштагы аял кармалды

583

Сокулукта бирөөнүн жер тилкесин ээлеп алуу жана алдамчылык фактыларына шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4-ноябрь күнү Сокулук РИИБүнө 1979-жылы туулган Т.Г. арыз менен кайрылып, бейтааныш аял башка адамдардын ишенимине кирип, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 295-контурдагы арыздануучуга таандык жер тилкесин мыйзамсыз сатып жибергенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) жана 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1976-жылы туулган К.Ы. аттуу аял кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган аял 2014-жылдан тарта бир топ жаран менен биргелешип, бирөөнүн 5,4 гектар жер тилкесин айыл чарба багытындагы жер экенин билип туруп, мыйзамсыз 2 гектар жерин башка жарандарга курулуш куруу максатында сатып жибергени маалым болгон.

Көз карандысыз эксперттер тарабынан жабырлануучуга келтирилген материалдык чыгым 40 000 000 сомдон ашык бааланган. Шектүү аял үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жогорудагы контурдан башка бирөөгө таандык 0,4 сотых жер тилкесин мыйзамсыз башка бирөөгө сатып жибергени аныкталып, келтирилген материалдык чыгым 200 000 сомго бааланган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

584