Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында бүгүн, милициянын заманбап бөлүмү ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаев, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты.
«Бул бөлүм милиция кызматынын заманбап талаптарына ылайык жасалып, жаңы имаратка алмаштырылды. Анда шаардын жашоочулары менен конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, Кыргызстандын жарандарына өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн»-деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, туристтик милициянын ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган 10 электробайк тапшырылды. Бул транспорттук каражаттар коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо милиция кызматкерлеринин ыкчам иштөөсүнө жардам берет.