Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Иш-чарада өлкөнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, маданият кызматкерлери чогулушкан.
Саат 10:00гө карата өлкө башчы Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтына чыгып, кыргыздын уюткулуу улуу тарыхына кеп салды. Андан соң Кыргыз Республикасынын гимни жаңырууда.