7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркмөнстан расмий түрдө, оогандык качкындарды кабыл албасын билдирди

581

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ооганстандык качкындар өлкөгө киргизилбей турганын расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу ал 29-августта Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айткан.

Ал бул чечимин эпидемиологиялык шарт менен түшүндүргөн.

«Азыр адам өмүрү үчүн кооптуу болуп жаткан коронавирус инфекциясынын масштабдуу жайылуу тобокелдигин эске алуу зарыл«, — деди президент.

Түркмөн бийлиги акыркы кезде өлкөдө коронавирустун дельта-штаммы менен ооругандар жана андан каза болгондор кескин көбөйгөнү боюнча эч кандай маалымат бербей, пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 жуктурган бир да учур катталбаганын билдирип келет.

Телефондук сүйлөшүүдө Бердымухамедов Түркмөнстандын Ооганстан боюнча позициясынын үч бөлүгүн баса белгиледи:

  •  Түркмөнстан Ооганстандагы абалды саясий-дипломатиялык ыкмалар жана тынчтык жолу менен гана жөнгө салууну колдойт;
  • Экономикалык жактан Түркмөнстан ири инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде ТАПИ газ түтүгүн куруу, Ооганстан аркылуу Пакистанга электр линияларын тартуу, ошондой эле Ооганстан менен Түркмөнстанды бириктире турган темир жолду курууга байланышкан иштерди улантуу зарылдыгын белгилейт;
  • Түркмөнстан азыркы тынчтык орнотуу процесстерине көмөктөшүү үчүн Ооганстанга туруктуу түрдө гуманитардык жардам берүүнү улантат.

Бердымухамедов түркмөн-ооган чек ара тилкелериндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттер кадимки режимде иштеп жатканын, Ооганстандын Мазари-Шариф менен Гераттагы консулдуктары ишин токтотпогонун кошумчалады.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

582