Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортун куруу иштерине даярдыктар башталды. Хан-Теңири айыл аймагында курорттун объектилеринин чек аралары такталып, жер тилкелерине атайын казыктар кагылды.
Иш-чарага президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев катышып, аукциондо жеңүүчү болгон инвесторлорго жер участокторунун кызыл китептерин тапшырды.
Жакынкы арада Ак-Суу районунун Жыргалаң чокусунун аймагында 5 жылдыздуу мейманканалардын, VIP-коттедждердин жана модулдук үйлөрдүн курулушу башталат.
Белгилей кетсек, июль айында өткөн аукциондо сунушталган 49 лоттун ичинен 14 лоттун жеңүүчүлөрү аныкталган. Алардын бардыгы жергиликтүү инвесторлор.