7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азиз Батыров жаңы кызматка дайындалды

543

Ырчы, дастанчы, маданияттын мыкты кызматкери Азиз Батыров И. Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана Дизайн институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу 7-каналга кабарлады.

Азиз Батыров Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Консерваториясын аяктап, улуттук салттуу музыка өнөрүнө аралашып, “Түрк дүйнө” аттуу оркестринин солисти болуп эмгек жолун баштаган.

Чыгармачылык жолунда бир катар жетишкендиктерге жетип, сыйлыктарга татыган. 2014-жылы Түркиянын Дидим шаарында 18 мамлекеттен келген таланттардын арасында өткөн “Улуттар аралык музыка” фестивалында “Алтын үн” байгесин жеңип алган. 2015-жылы Түркиянын Ялова шаарында өткөн түрк тилдүү 25 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан “Алтын үн” сынагында баш байгени багындырган.

Бүгүнкү күндө ырчылык менен гана алектенбестен, кичинекей өсүп келе жаткан жеткинчектердин башын бириктирип, комуз үйрөтүп көркөм табитин өнүктүрүүгө салым кошуп келет.

544