7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ала-Тоо” журналынын биринчи басылмасы чыкты

119

“Ала-Тоо” журналынын биринчи басылмасы чыкты. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Президенттин айтымында, журнал кайрадан жанданып, жаңы дизайн менен жарык көргөн.

 

 “Урматтуу мекендештер! Элибиздин нарк-насилин жайылтууда, улуттук жазма адабий тилин байытууда өзүнчө бир баа жеткис казынага айланган “Ала-Тоо” журналы кайрадан жанданып, басылып чыгып, анын биринчи саны колума тийди. Биз өлкөбүздүн каржы жана экономика тармактарын эле алдыга жылдырбастан, маданиятка, анын ичинде адабиятка да көңүл бурууга аракеттенип жатабыз. Көп жылдар бою токтоп турган адабий журнал өз ишин жандантып, окурман журтчулугун кубандырып турган кези. Кудай буюрса, элибиздин тарых-таржымалы, тили, улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, салт-санаасы тууралуу кызыктуу макала-материалдарды жарыялоо менен мекендештерибиздин маданиятын, билимин, кругозорун арттырууда зор салым кошот деген үмүттөмүн. Ошону менен бирге, таланттуу жаштарыбыздын чыгармаларын ай сайын жарыялоо менен аларды коомчулукка кеңири таанытарына бекем ишенем. Эми “Ала-Тоо” журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эле салымын кошпостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий жардылыктан арылтып, жан дүйнөнү байытат, аң-сезимди тазартат.

Учурдан пайдаланып бул журналга жазылууга чакырып кетмекчимин. Айына бир жолу чыгат. “Кыргыз туусу” басма үйүнөн алсаңыздар болот. “Ала-Тоо” адабий журналынын сапары байсалдуу болсун!”, — деп билдирүү калтырган.

120