7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мечит имамдарынын маянасын 25 миң сомго чейин көбөйтүү пландалууда

277

Мечиттердин имамдарынын маянасын 25 миң сомго чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков «Кабар» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, өлкөдөгү мечиттердин имамдарына 15 миң сомдон айлык берилип жатат.

«Буга чейин «Ыйман» фонду тарабынан имамдарга маяна берилип келген. Бирок бир канча жыл бою айлыктар берилбей токтоп калган. Алдыда биз имамдардын айлыгын 25 миң сомго чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

Талантбек Ташибеков белгилегендей, Кыргызстанда учурда 4 миңден ашык мечит катталган.

278