7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алагөзов: «Кыргызнефтегазга» акча салууга чакырган жасалма видео-жарнамалар тарап жатат

468

Социалдык тармактарда белгилүү уюмдарга, тактап айтканда “Кыргызнефтегазга” акча салууга чакырган жасалма видео-жарнамалар тарап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Шылуундар видеодо өлкөнүн биринчи адамдарынын сөздөрүн окшотуп, жасалмалап колдонуп, жасалма интеллект менен эриндерин жана үнүн синхрондоштуруп, анык ушул адам иллюзиясын жаратууда. Жасалма чат-боттор да түзүлүп, белгилүү маалымат агенттиктеринин жаңылыктарынын жасалма «скриншотторуна» шилтемелер кетүүдө. Бир караганда бул видеолор чын сыяктуу көрүнөт. Бирок биз бул жасалма экенин баса белгилейбиз. Өлкө жетекчилигинин атын жамынып, үн жана видеолорду бурмалаган шылуундардын айла-амалдарына алданбаңыздар. Сак болуп, маалыматты расмий булактардан текшериңиздер»,- деп берилет билдирүүдө.

469