7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер кармалды

486

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тобунун кызматкерлери опузалап пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

ИИМдин ички иликтөө кызматына Айтматов районунун тургуну аны инспекторлор токтотуп, тиешелүү категориясы болбогондугуна байланыштуу 15 миң сом бергенин айтып арыз менен кайрылган. Тергөөдө Айтматов РИИБинин улук тескөөчүсү 300 сом айып салып, бирок арыз ээси тартып алган протоколдун көчүрмөсүндө 15 миң сом көрсөтүлгөнү аныкталган.

Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, 16-майда Айтматов РИИБинин улук инспектору А.Т. жана инспектору Э.Ж. 15 000 сомду ортомчу аркылуу ээсине кайтарып берген жеринен кармалган.

Улук инспектор кылмыш жасоого шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган кызматкерлер 21 миң сом акчасын алып койгондугу туралуу дагы бир жаран арыз менен кайрылган.

487