Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында Жошолу айыл аймагында курулган 90 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты.
Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 23 млн 600 миң сом бөлүнгөн. Бардык шарты менен курулган мекеме аймактагы үч айылга кызмат кылат.
Кошумчалай кетсек, иш сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жергиликтүү тургун Чырмаш Байтуровго депутат Улан Примов тарабынан курулган турак үйдү тапшыруу аземине да катышты. Белек катары берилип жаткан турак-жайга куру келбегенин айткан Жогорку Кеңешинин төрагасы резервдик фондунан 100 миң сом каражат берди.
Эске салсак, төрага Нурланбек Шакиевди орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Улан Примов, Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов коштоп жүрөт.