7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайда Тоо театрларынын 1-республикалык фестивалы өтүүдө

505

Ошто Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай музыкалык драма театрынын 75 жылдыгына карата Тоо театрларынын I республикалык фестивалы өз ишин баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, фестиваль Алай районундагы Гүлчө айылындагы Т.Ажибаев атындагы музыкалык драма театрынын базасында өтүүдө.

Салтанаттуу иш-чаранын ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө аталган Тоо театрларынын фестивалы өз ара тажрыйба алмашуу багытын көздөп жаткандыгын баса белгилеп, салт катары мындан ары башка аймактарда да өткөрүү планы бар экендигине токтолду. Мындай достук мамилени бекемдөө жана профессионалдык театр искусствосун аймактарга жеткирүү учурдагы Маданият министрлигинин бирден-бир приоритеттүү багыты экендигин кошумчалады.

Фестиваль, тарыхый инсандардын жана тоолуу жердеги профессионал театрдын мааракесине арналып өткөрүлөт. Максаты кийинки муундарга улуу инсандардын ысымын жеткирүү жана салттуу иш- чарага айландыруу болуп саналат.

Калктын калың катмарына маданий-агартуу, жаркын маанай тартуулоо, театр өнөр чеберлери менен элеттик көрүүчүлөрдүн искусство майданында маданий алаканы түзүү, руханий дөөлөтүн арттыруу, чыгармачылык ишмердүүлүгүн дем берүүгө багытталган фестиваль эл тарабынан жылуу кабыл алынды.

Фестивалга,

  • Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык драма театры,
  • С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры,
  • К. Акиев атындагы Жумгал музыкалык драма театры,
  • Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры,
  • К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры,
  • Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры,
  • Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрлары барып катышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

506