Талибан кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган топ) бир нече адамды эл алдында алып чыгып, өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Афганистандын батышындагы Герат шаарынын башкы аянтында төрт жарандын сөөгү асылган, дагы үчөө талибдер тарабынан шаардын башка аймактарында демонстрацияга алынган.
Жазага тартылган жарандар Ооганстандык ишкер менен анын баласын уурдоо учурунан кийинки атышууда өлтүрүлүшкөн. Башка басылмалардын маалыматында, уурдалгандардын бири талибдердин согушкери болгон.
Гераттын губернаторунун орун басары Маулвай Шаир Ахмад Эмар: «Биз алардын сөөгүн Герат аянттарына илип койдук, мындан кийин эч ким мындай кылмышка батына албайт», — деген.
Социалдык тармактарда жарыяланган видеодо, Гераттын башкы аянтында чынжыр менен байланып, кран менен көтөрүлгөн денеси көрсөтүлгөн.