7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайкуу өрөөнүндө тоо текесин мыйзамсыз аткан жаран кармалды

135

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-сентябрда Алайкуу айыл аймагындагы «Кашка-Суу» жайлоосунда жаран бир баш тоо текесин мыйзамсыз атканы аныкталган. Ал чек арачылар менен аңчы адистин биргелешкен иш-чарасынын жүрүшүндө кармалган.

Мыйзам бузган жаранга 12 миң 500 сом айып пул салынып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 миң сом доо коюлган. Материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

136