«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев жана энергетика тармагынын адистери Эгемендүүлүк күнүнө карата Талас облусундагы объектилерди текшеришти. Алар майрамдык иш-чаралар өтүүчү аянтчалардын электр энергиясы менен камсыздалышын карап чыгып, электр энергиясынын резервдик булактарынын даярдыгын текшеришти.
Текшерүү К. Нуржанов атындагы аллеяда, «Акылман» Президенттик лицейинде, «Манас Ордо» улуттук комплексинде, «Баластан» балдар борборунда жана Талас шаарынын борбордук аянтында жүргүзүлдү.
Талас облусунда майрамдык иш-чараларды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 12 резервдик генератор даярдалды. Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктын алкагында энергетиктердин ыкчам жана көчмө бригадаларынын күнү-түнү иштөөсү уюштурулду. 200дөн ашуун адис электр тармактарынын жана жабдууларынын ишин күнү-түнү көзөмөлдөп, ошондой эле майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде кызмат өтөшөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында министр майрамдык иш-чараларга тартылган бардык объектилерди электр энергиясы менен камсыз кылуу системасынын туруктуу иштешин камсыз кылууну тапшырды.



