Кечээ, 26-ноябрь Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнө бир метрге жакын кар жаады. Кардын калыңдыгын жергиликтүү тургундар интернет булактарына жарыялаган тасмадан көрүүгө болот.
Учурдагы абал боюнча Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев буларга токтолду.
«Калың кар негизинен Ой-Тал айылына жааган, болжолдуу 50-60 см же бир метрге жакындап барат. Түнкү 2ге чейин жолдорду тазалоо иши жүргүзүлүп, эртең менен тийиштүү жетекчилердин катышуусунда жыйын өткөрдүм. Азыр жол ачык, электр энергиясы жана байланыш бар»- деп билдирди.
Кышы катаал Алайкуу өрөөнүн кышка даярдоо максатында, Президент убада кылган 3 сомдук көмүрдөн 250 тонна барган. Андан сырткары акимдин тапшырмасы менен 5 сомдук көмүрдөн 500 тонна жеткирилип, 9 айыл өкмөткө бөлүштүрүлгөн.
Муктаждык муну менен эле жабылган жок, шайлоодон кийин элди арзан көмүр менен камсыздоо уланаарын билдирди.