7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн шайлоо тилкесине бара албаган карыялар көчмө урнада добуш берүүдө

413

Бүгүн 27-ноябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган 13 396  жаран,  көчмө урна менен добуш берип жатат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы  кабарлады.

Маалыматка ылайык, облустар боюнча:

  • · Баткен облусу боюнча – 218 УШК, анын ичинде 107 УШКга 856 арыз берилди;
  • · Ош облусу боюнча – 593 УШК, анын ичинде 405 УШК 4114 арыз берилди;
  • · Жалал-Абад облусу боюнча – 452 УШК, анын ичинде 256 УШКга 2700 арыз берилди);
  • · Талас облусу боюнча – 117 УШК, анын ичинде 58 УШКга 480 арыз берилди;
  • · Чүй облусу боюнча – 408 УШК, анын ичинде 175 УШКга 1550 арыз берилди;
  • · Бишкек шаары боюнча – 228 УШК, анын ичинде 58 УШКга 1963 арыз берилди;
  • · Нарын облусу боюнча – 169 УШК, анын ичинде 130 УШКга 1076 арыз берилди;
  • · Ысык-Көл облусу боюнча – 250 УШК, анын ичинде 121 УШКга 657 1024 арыз берилген.

Төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:

  1.  добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
  2.  алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.

Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –

  1.  добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
  2. добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
  3. жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
  4. вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүүдө.

  • ден соолугунун абалы боюнча – 5815,
  • улгайгандыгы боюнча – 5118,
  • ДМЧА – 607,
  • кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөндөр – 278,
  • вахталык ыкма менен иштегендер – 755,
  • аскер кызматчылары 192,
  • алыскы мал жайыт участокторунда жашагандар – 103,
  • интернат үйлөрдө жашагандар – 214,
  • алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо жашагандар – 40,
  • карылар үйлөрүндө жашагандар – 132,
  • ооруканаларда жүргөндөр – 142.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

414