7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
19°C

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды

391

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмышка шектелип, Аламүдүн айыл өкмөт башчысы 1978-жылы туулган К.Н., кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алдамчылык, документтерди жасалмалоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн тергелген материалдарынын негизинде, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча ички иштер органдарына бир нече жаран кайрылган. Алар Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына карата чара көрүүнү суранып, ал алдамчылык жол менен аталган айыл өкмөттүн башка кызматкерлери менен биргеликте жер тилкесин бөлүп берүүнү убада кылып, айрым учурларда акча каражаттарын, автоунааларды ээлеп алганы айтылган.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошол эле учурда, мурда көрсөтүлгөн фактылар боюнча милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр кармалды:

• Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары 1974-жылы туулган К.А., КР Кылмыш-жаза кодекси 39-337-беренесинде каралган («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу») жана 379-беренесинде («документтерди жасалмалоо») жана 209-беренесинде («алдамчылык») каралган кылмыштарга шектелип;
• 1963-жылы туулган Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери К.А., КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («документтерди жасалмалоо») жана 209-беренеси («алдамчылык») боюнча 39-337-беренелер («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу») боюнча шектелип;
• Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы 1960-жылы туулган Д.Ю., дагы кылмышка шектүү делип КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-337-беренеси («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу») боюнча кылмыш жасаган деп шектелүүдө.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн бул материалы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

392