7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүн базарынын айланасында унаа кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди

173

Бишкек шаарынын мэриясы транспорт тыгындарын тартипке келтирүү, азайтуу жана көчөлөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Аламүдүн» базарынын айланасында унаа кыймылын уюштуруу схемасына өзгөртүүлөрдү киргизет.

Ага ылайык, Жибек-Жолу проспектисинде жана Курманжан Датка көчөсүндө бардык зарыл болгон жол белгилери орнотулуп, чийиндер чийилип жана унаа токтотуучу чөнтөктөр демонтаждалып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Муса Жалил көчөсү менен чыгыш тарапка андан ары Буденный көчөсү менен бир тараптуу кыймыл уюштурулат.

Белгилей кетсек, кыймыл чиймени өзгөртүү 2025-жылдын 1-январынан баштап пилоттук долбоор алкагында киргизүү пландалууда.

Мындан тышкары, коомдук транспорттун аралыгын узартпоо үчүн да өзгөртүүлөр киргизилет.

Унаа кыймылын өзгөртүү Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан иштелип чыккан жана Бишкек шаардык ИИБдин Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын жол көзөмөл бөлүмү, Раззаков атындагы КМТУ менен макулдашылган жана Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук муниципалдык администрациясы тарабынан бекитилген.

Бишкек шаарынын мэриясы жогорудагы өзгөртүүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну, жолдо этият болууну жана жол эрежелерин сактоону, өз маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну суранат.

174