7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүн районунун прокурору пара алуу фактысы менен кармалды

362

Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

 

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А., жаран Я.к.Ж.дан арыз ээсине карата мурда козголгон кылмыш иши боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси боюнча оң чечим чыгаргандыгы үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы боюнча маалымат алынган.


Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А кармалып, Бишкек гарнизонунун Аскер комендатурасынын гауптвахтасына камакка алынган.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

363