7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө айдоочу 16 жаштагы өспүрүмдү өлтүрө сүзүп кетти

580

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында 16 жаштагы баланы унаа коюп кетип, ал окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын ЖКККБнан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык 9-ноябрда болжол менен саат 23:50лөр чамасында болгон. Анда белгисиз унаа М.Горький көчөсүнөн 16 жаштагы К.Б. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Өспүрүм кырсык болгон жерден көз жумган.

Милиция жол кырсыгына шектүү катары 1997-жылы туулган С.М.Д.ны кармашып, андан ары чара көрүү үчүн райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүп беришти. Ал эми «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.

581