Аламүдүн районунда эркек киши унааны айдап качып, жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
35-40 жаштагы белгисиз адам Карл Маркс айылынын Партсъезд көчөсүндө токтоп турган «HONDA H-RV» үлгүсүндөгү унаасын айдап качкан. Ал качып бара жатып мамыны сүзүп алган.
Аталган факты каттоого алынып, Октябрь айылынын 37 жаштагы тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө уланууда.