Ноокат РИИБдин тергөөчүсү 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 миң сом талап кылган.
Кармалган кызматкер козголгон иштин алкагында соттун чечими менен 12-июнга чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5-тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.