Бүгүн, 28-декабрда Аламүдүндө турак үйдөн өрт чыгып, бир жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын Школьный көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, жалпы аянты 1,5 чарчы метр болгон үйдүн жыгач полу, бир даана эшик, эки даана төшөк күйгөн.
Кырсыктын кесепетинен 85 жаштагы Л.И. аттуу эркек киши каза болгон.
Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган.