Аламүдүндө жаран бир нече кылмышка шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, жабырлануучу милицияга кайрылып, 19-майда анын таанышынын атынан кат жазып, Көк-Жар айылына барганда аны сабап, тишин түшүрүп, окуяны видеого тартып, «мунун баарына өзүм күнөлүүмүн» дедирткен адамга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты каттоого алынып, бейбаштык менен кылмыш иши козголгон.
Бул окуя боюнча 1996-жылы туулган жаран кармалып, 2 айга камакка алынды. Ошол эле жаран, ушул жылдын февраль айынан бери өзүнүн кесиптешин шантаж кылып, ага турмушка чыгуусун талап кылып, Көк-Жар айылында аны коркутуп, жыныстык катнашка барууга аракет кылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.