7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лицензиясыз жеке менчик бала бакча ачса болот. Мыйзам долбоору ЖКда каралууда

599

Бүгүн, 29-майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Жанарбек Акаев баяндама жасап, анын негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

“Учурда Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстанда балдарын 76% балдар бакчасына барбайт экен. Ушундай кейиштүү абал айрыкча айылдарда кездешет. Жаңы мыйзам долбоору балдар бакчасын ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгарып, жеке ишкерлер менен жарандарды ашыкча документ чогултуу түйшүгүнөн арылтат. Мындан сырткары мектеп мугалимдерин аккредитациядан өткөрүү тартибин жокко чыгарылып, анын ордуна сапатты өнүктүрүү боюнча департамент түзүлүшү каралган” – деди Жанарбек Акаев.

Мындан сырткары сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этабы менен Ваучердик системаны киргизүү каралган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов мыйзам долбоорунда инклюзивдүү билим берүү жагдайлары каралганын белгилесе, депутат Чыңгыз Айдарбеков ваучердик система учурдагы билим берүү тармагына зарыл экендигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттарынан, министрликтерден, билим берүү уюмдарынан жана эксперттерден турган жумушчу топ “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун бир жарым жыл ичинде иштеп чыгышкан.

Жыйынтыгында “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы сунуш пикирлерди эске алуу менен комитет депутаттары тарабынан жактырылып, биринчи окууда кабыл алуу Жогорку Кеңешке сунушталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600