7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө жерлерди мыйзамсыз берген 4 адам кармалды

337

Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз трансформация кылган Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

2022-жылдын орто ченинен 2024-жылдын январь айына чейин «жер мафиясы» деп аталган айрым жарандар муниципалдык кызмат адамдары менен кылмыштуу тил табышып, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин бөлүп, сатып жибергени аныкталган.

Мыйзамсыз материалдык пайда алуу максатында жер амнистиясына жамынып, 378 контурдагы 5,5 га жер тилкесин амнистиянын шарттарына жана талаптарына туура келбесе да мыйзамсыз трансформациялаган.

Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары (аким), Маевский а/а мурдагы башчысы жана жер тилкелерин мыйзамсыз сатууну ишке ашырган эки жаран кармалган. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, аларга карата катуу чаралар көрүлөт.

 

338