7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алдамчылардын торуна түшүп калуудан сак болуңуз!

493

Интернет булактарында “Кыргызнефтегаз” ААКнун атын жамынган белгисиз тараптар жалган маалыматтарды таратууда. Бул тууралуу аталган кызматтан эскертишти.

«https://privatelyinvestor.com аталышындагы сайтында “Кыргызнефтегаз өлкөнүн бардык тургундары үчүн микро-инвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты” деген чындыка дал келбеген маалымат таратууда. Мыйзамсыз аракеттери менен жарандарды инвестор катары акча каражаттарын салууга үндөп жатат. Мындан улам “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгы жогорудагы маалыматтарды жалган экенин белгилейбиз. Алдамчылардын торуна түшүп, аларга акча каражаттарын салбоого чакырабыз. Алдамчылардын олжосуна айланып калуудан сак болуңуздар! “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому боюнча расмий маалыматтар https://kng.kg сайттына гана чыгарылат. Жогорудагы жалган маалыматтарды чектөөгө алуу үчүн жана анын уюштуруучуларын жооперчилике тартуу үчүн тийиштүү укук коргоо органдарына билдирүү берилди. Алдамчылыкка кабылган жарандар үчүн “Кыргызнефтегаз” ишканасы эч кандай жоопкерчилик албайт»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

494