Милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 8 жаштагы баланы издеп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
2015-жылы туулган Калыбеков Айжигит Даниярович 19-июлда болжол менен саат 05:40 чамасында Беловодское айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.
Белгилери: бою 120-125 сантиметр, арык, чачы кара жана кыска. Үйдөн кийимсиз чыгып кеткен.
Өзгөчө белгилери: сүйлөбөйт, психикалык кемчилиги бар.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 607727, 0552220422, 0707220422 номурларына байланышсаңыздар болот.