7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алдамчылык менен 41 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

675

Жарандын 4 миң 400 доллар акчасын жана унаасын айдап кетип качып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын февраль айында жаран пластикалык терезелерди жана эшиктерди орнотууга байланышкан курулуш иштерин сапаттуу жасап берем деген шылтоо менен ири суммадагы акча каражатын алдап алып кеткен. Ал 4 миң 400 АКШ долларын жана «Даймлер Крайслер S320» үлгүсүндөгү автоунааны алдын ала төлөм катары алып, из жашырган.

Бул тууралуу арыз 2021-жылы келип түшкөн. Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары менен ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери алектене башташкан. Шектүү боюнча ыкчам маалымат алынып, бул кылмыш ишине мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун Токмок шаарынын жашоочусунун тиешеси бардыгы аныкталган. Жакында, 2021-жылдын март айында ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мурда төрт жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1980-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармашты. Кармалган жаран тергөө органдарына жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

676