Жалал-Абадда 24-март Элдик революция күнү белгиленген жок. Калаада 2005-жылдын дал ушул күнү элдик көтөрүлүштөн көз жумгандарга арнап 10го жакын адам чогулган. Бул тууралуу «7-каналдын» Жалал-Абаддагы журналисти Руслан Калматов кабарлады.
Анын айтымында, Жалал-Абадда бул жылы 24-март ынкылабы эскерилген жок. Ал эми окуянын 10го чукул катышуучулары шаардагы Эркиндик аянтына келишип, маркумдарга куран түшүрүшкөн.
Белгилей кетсек, 2005-жылы 24-мартта (Март окуясы) советтик система кыйрагандан кийинки 15 жыл ичинде Кыргызстанда түзүлгөн оор социалдык-экономикалык кырдаалдан улам коррупциялашып кеткен бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы багытталган жалпы элдик кыймыл. Анда Кыргызстандын булуң-бурчунан карапайым эл сүрүлүп келип, натыйжада президент тактыдан кулаган.