7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таалай Темиркулов Алга Кылычевди бутка аткан мылтыгын күч түзүмдөрүнө берди

638

Алга Кылычевди бутка атууга шектелип, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Темиркулов камалды. Ал өз ыктыяры менен  «МР-79-9» үлгүсүндөгү травматикалык куранлын  9 мм калибрлүү 1 огу менен  күч түзүмдөрүнө тапшырып берген.  Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

7-август таң эртелеп «102» кызматына Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы үйлөрдүн бирине «Тез жардам» кызматы барганы, ал жерде бутуна ок тийген адам бар экени тууралуу маалымат түшкөн. РИИБ кызматкерлери окуя болгон жерге барган учурда өзүн жубайымын деп тааныштырган жаран жарадар болгон адамды «Тез жардам» ооруканага алып кеткенин, күйөөсүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Т.Т. (Таалай Темиркулов) атканын айтып берген.

Аялынын айтымында, Алга Кылычев менен Таалай Темиркулов алгач телефондон айтыша кеткен. Кийинчерээк Таалай Темиркулов ак түстөгү унаа менен Алга Кылычевдин үйүнө келип, телефондон сыртка чакырган. Ал чыгып кеткен көп өтпөй, тапанча атылып, аялы тышка чыкканда күйөөсүнүн бутун кармап жерде жатканын көргөн. Аткан адам унаасына отуруп кетип калган.

Айтылган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталды. Тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин социалдык тармактарда айтылган эки адамдын мушташып жаткан тасмасы тараган эле.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

639