9-августка карата коронавирустан 1 миң 360 адам айыгып, 483 жаңы учур катталды. Ал эми акыркы бир сутка ичинде илдеттен 8 бейтап көз жумгандыгын Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
- Бишкек шаарында – 281,
- Ош шаарында – 4,
- Чүй облусунда – 31,
- Ош облусунда – 4,
- Талас облусунда – 7,
- Нарын облусунда – 19,
- Ысык-Көл облусунда – 71,
- Жалал-Абад облусунда – 57,
- Баткен облусунда – 9 адамдан илдет табылган.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 850 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 564 адам дарыланууда.