Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде жайгашкан турак үйдөн эки аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки аялдын жансыз денеси бүгүн, 12-майда болжол менен саат 13:00 чамасында табылган. Алардын биринин жашы болжол менен 60 жашта, ал эми экинчиси 20-25 жашта болуусу мүмкүн экени айтылган.
Милиция кызматкерлери, 60 жаштагы апасы, ал эми 21 жаштагы кызы экендигин аныкташты. Алар спирт ичимдиктерин ичкендиктери айтылууда.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 21 жаштагы кызды алгач зордукташкан, андан соң апасы экөөнү бычактап өлтүрүшкөн. Окуя катталган жерде милиция кызматкерлери иш алып барышууда.