7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров: «Кумтөр Голд» компаниясы Кыргызстанга 4,9 млдр доллар төгүшү керек

1078

Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия бүгүн 3 айлык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.  Комитеттин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айтты. Анын 3 миллиард 501 миллион доллары негизги сумма, калганы туум жана санкция.

«Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бул акча милдеттүү түрдө төлөнүшү керек болчу. Салык төлөмдөрүн, айып пулдарды ар кандай түшүнүксүз фонддорго чаташтыруу токтотулушу керек деп эсептейбиз. Мындан ары «Кумтөр Голд» биздин салык мыйзамдарыбыз менен иштөөсү, биринчи кезекте экология жана адамдардын коопсуздугу боюнча мыйзамдарыбызды бузбоосу зарыл» -деди Жапаров.

Жапаров билдиргендей, бул эсептөөлөрдү каржылык-экономикалык топ жүргүзүп, мамлекеттик комиссияга бекитүүгө сунуш кылууда.

Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгарылган.

  • 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.
  • 6-майда Жогорку Кеңеште бул ишканага сырттан башкарууну киргизүү мыйзам долбоору кабыл алынган.
  • 8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор «таптакыр негизсиз» экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, «Кумтөр Голд» мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет.

Эске салсак Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1079