7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алгачкы жолу учак ичинде мода көргөзмөсү өттү

131
Кыргызстанда алгачкы жолу уникалдуу маданий долбоор ишке ашырылып, Бишкек–Каракол багыты боюнча учуп бара жаткан учактын ичинде мода көргөзмөсү өткөрүлдү.
Көргөзмөнүн негизги бөлүгү белгилүү дизайнер Айпери Обозова тарабынан сунушталган автордук коллекция болду. Дизайнер көп жылдан бери кыргыздын салттуу орнаменттерин жана этникалык элементтерин заманбап стилде чагылдырып, улуттук маданиятты эл аралык деңгээлде таанытып келет.
Көргөзмө түздөн-түз учуу учурунда өтүп, моделдер учактын салонунда жүрүш жасап, дизайнердин коллекциясын тартуулашты. Иш-чарага профессионал моделдер менен катар белгилүү блогерлер жана артисттер да катышты. Долбоордун өзгөчөлүгү — күтүлбөгөн форматта өтүшү: учактагы айрым жүргүнчүлөр үчүн бул көрсөтүү сюрприз болду.
Долбоордун демилгечиси жана идеялык жетекчиси — режиссёр, КР маданиятынын мыкты кызматкери Олеся Семикоз. Бул долбоор Кыргызстанда гана эмес, жалпы региондо алгачкы тажрыйба болуп, өлкөнүн креативдүү индустриясынын потенциалын көрсөттү.

132