7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алиев: Жеке таарынычтан эмес, идея үчүн Конституциялык реформага каршы чыккан кишилер барбы?

412

Жеке кызыкчылыктары ишке ашпай калып, жаңы Конституцияны сындагандар көбөдү. Мындай пикирин көз карандысыз эксперт Медер Алиев facebook баракчасында жазып чыкты.

«Атандын көрү дүнүйө… Кыргыз, качан пейилибиз оңолот?…
Жеке таарынычыңар болсо жаңы Конституцияда эмне күнөө?…

  1. Бир дос бар эле, жакын тууганы саясий уурулук эпизоду менен түрмөдө олурат. Убагында Атамбаев отургузган, жаңы бийликтен бошотуп бергиле, башкалар акталып атат дешип аракет кылышты. Бирок жыйынтык чыкпагандан кийин Конституциялык реформаны шылтоо кылып аябай катуу сынчы болуп чыга келди…
  2. Дагы бир дос бар эле, Садыр Жапаровдон аябай кызмат сурап аракет кылды. Өкмөт үйүнүн алдында эртеден кечкиге чейин сагалап кутуп жүрдү. Жыйынтык чыкпагандан кийин Конституциялык реформанын катуу сынчысы болуп чыкты…
  3. Дагы бир киши бар эле. Мурдагы Президент Сооронбай Шарипович кетээрин алдында секретарь совбез кылып дайындап кеткен эле. Унчукпай тынч, жымжырт отурган болчу.. Даже интервью берип калганга жетишкен. Калтырса иштей берем деген өңүттө. Бирок Садыр Жапаров калтырбады. Ошол замат кызматтан кетээри менен ал дагы аябай Конституциялык реформанын катуу сынчысы болуп чыга келди…
    Мындай фактылар миллион. Жеке кызыкчылыктары ишке ашпай калып, байкуш жаңы Конституцияны сындап киришти…
    Деги бизде принципиалдуу, кызмат үчүн эмес, жеке таарынычтан улам эмес, идея үчүн Конституциялык реформага каршы чыккан кишилер барбы? Мен ойлойт элем албетте бар, арабызда принцип деген нерсени бекем карманган жарандарыбыз жок эмес. Мына ошолор сыйга татыктуу. А бирок алар өтө аз… Ошондой эле суроо- Арабызда Конституциялык реформаны, кызмат үчүн эмес, өзүнүн туура деп эсептеген принциби, идеясы учун керек деп карманган жарандарыбыз барбы? Менимче бар. Ошолордун катарында болуп, өз позициямды ачык айтып, өз идеямды бекем кармаганыма, Чынгыз Төрөкулович айткандай — адам баласына күн сайын адам болуу эң татаал нерсе дегендей, күн сайын өзүм туура деп эсептеген принцибимди, идеямды сатпай адамдык сапатты сактап калуу үчүн кылып жаткан аракеттерим келечекте коомубузга, өлкөбүзгө үзүрүн берет деген ишеничтемин.»
    -деп жазган билдирүүсүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

413