7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аликбек Жекшенкулов: Чек арада зым тартуу иштеринин башталышы маанилүү окуя

167

Кыргыз-тажик чек арасында зым тартуу иштеринин башталышы бул чоң маанилүү окуя. Бул тууралуу саясий илимдеринин доктору Аликбек Жекшенкулов «Кабар» маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктап, тосулушу кошуна мамлекеттер менен чек ара маселеси толук чечилди деген белги.

“Чек ара маселесинин чечилишин улуттун, мамлекеттин коопсуздук маселелери бекемделди деп айтсак болот. Анткени, өлкөдө эң негизги кооптуу маселелердин бири бул чек ара. Буга чейин эл аралык эксперттер Борбордук Азияда чек ара, суу, жер темасы аймактын коопсуздугуна чоң маселе жаратышы мүмкүн деген ойлорду айтып келишкен. Мына кечээ жакында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугушуп, кол коюлгандан кийин эми зым тартуу иштери башталды. Чек арабыз эми кагаз түрүндө эмес, ар бир адамга көрүнүп турат. Мурда жөн гана кол коюптур, чек ара маселеси чечилиптир деп айтылып келсе, азыр чек аранын тосулушу менен ар бир адам көрүп, сезип турат», — деди Жекшенкулов.

Ал ошондой эле чек ара деген ар бир мамлекет үчүн ыйык экенин, аныкталгандан кийин ал ары да бери да жылбаш керектигин белгиледи.

«Мыйзамсыз чек араны кесип өтүүгө болбойт. Мурда чек ара тосулбаган учурда билбестиктен кой кайтарып, мергенчилик кылып кирип кеткен, мал-жандыктар чек арадан өтүп кеткен учурлар болуп келген. Казакстан менен чек арада зым тартыла элек кезде мергенчилердин өтүп кеткен учурлар катталган. Азыр эми Казакстан менен мыйзамдуу түрдө чек ара келишимдерине кол коюлуп, зым тосмолор тосулгандан кийин андай маселе жок. Мына эми Тажикстан менен да чек ара келишимдерине кол коюлуп бүтүп, чек ара тосмолору тартылууда. Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара да мыйзамдуу болуп, зымдар тартылып турат. Ошондой эле чек аранын тосулушу ар бир адамды тартипке чакырат.

Чек араны тосуудагы эң биринчи маселе мамлекеттин коопсуздугун бекемдөө. Белгилүү болгондой, 1998-1999-жылдарда Тажикстан тараптан террористтер кирип Баткенде бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Азыр эми бары көрүнүп, чек ара посттору, видео байкоолор коюлуп, атайын кызматтын көзөмөлүндө болмокчу. Бир гана Кыргызстан үчүн эмес, жалпы Борбор Азия, эл аралык коомчулук үчүн дагы бул жакшы таасир берет. Чек ара так болуп, зымдар тартылып турса мыйзамдуулук, тартип орнойт. Жалпы чет өлкөдөн келген, инвесторлорго, туристтерге, илимпоздорго жакшы таасир берет», -деди ал.

168