7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Панфилов паркы үч айга ачылат

588

Бишкек шаарындагы Панфилов паркы 1-майдан баштап үч айга ачылат. Шаар мэри Айбек Жунушалиев өлкөдөгү базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев жана бизнес-коомчулугу менен жолугушууда сейил багын май майрамдарына карата ачуу чечими кабыл алынды.

“Айбек Жунушалиев паркты май майрамдарына карата ачууну тапшырды. Парктын администрациясына да аттракциондор коопсуздук талаптарына ылайык келтирилсин деген шарт менен ушул эле мөөнөткө иштөөгө уруксат берилди”, — дешти муниципалитеттен.

Эскерте кетсек, буга чейин эс алуучулар аттракциондон кулаган эки учур катталган. Катуу жаракат алган кыздын окуясынан кийин парк ишин токтоткон.

 

589