7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аликбек Жекшенкулов: Президент Садыр Жапаров кыргыз дипломаттарына чоң тапшырма берди

691

Мурдагы тышкы иштер министри, КР толук ыйгарымдуу элчиси Аликбек Жекшенкулов: Президент Садыр Жапаровдун Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясынын сессиясына барып катышканы өтө мазмундуу болду, анткени ал сессиянын өзүндө дагы чыгып сүйлөп, Кыргызстан менен башка кичи мамлекеттер туш болгон маселелер тууралуу айтып, сессиянын алкагында өткөн «Келечек саммитинде» дагы сөз алып, Бириккен улуттар уюму кептелген глобалдуу маселелер жөнүндө да ой бөлүштү.

БУУнун Коопсуздук кеңешине 5 мамлекет туруктуу түрдө жана 10 башка өлкө убактылуу тартибинде 2 жылга мүчө болуп шайланат. Президент Жапаров сессияда айткандай, Кыргызстан азыр ошол убактылуу мүчөлөр катарына кирүүгө аракеттенүүдө жана эми Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери, чет мамлекеттердеги элчилер жана башка дипломаттар менен коомдук ишмерлер ушул маселе үстүндө талыкпай иштеп, өлкөнүн ал максатка жетишин камсыз кылууга тийиш.

692