Курулуш министрлигинин жаңы буйругуна ылайык, имараттын пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы иштер толук аяктаганга чейин батирлерди жана турак эмес жайларды сатууга, жарнамалоого тыюу салынды.
Ошондой эле курулушка жарандардан жана юридикалык жактардан акча тартууга багытталган келишимдерди түзүүгө уруксат берилбейт.
Бул талаптар жарандардын каражатын жана укуктарын коргоого багытталганын билдирди.



