Бишкекте жаштардын шайлоого катышуусун активдүүлүгүн жана шайлоочулардын төмөн болушунун себептерин аныктоо боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу БШК билдирди.
БШКнын төрагасынын орун басары Лейла Лурованын айтымында, Кыргызстандагы шайлоочулардын 42 пайыздан ашыгын 18–35 жаштагы жарандар түзөт. Бирок алардын шайлоого катышуусу төмөн бойдон калууда. Маселен, 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо 1,8 миллионго жакын жаш шайлоочунун 486 миңдейи гана добуш берген.



