7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алимбаев Баткен боюнча шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнөн кабар алды

695

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен шаарындагы жана Баткен районундагы шайлоо тилкелериндеги шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнөн кабар алды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус башчысы өз сөзүндө парламенттик шайлоо өнөктүгү облус аймагында ачык-айкын өтүүсү зарылдыгын белгиледи. Аны менен бирге тургундарды жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, бардык шайлоо тилкелеринди санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталган

Облуста шайлоочулардын жалпы саны бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 305 миң 136, ал эми бирдиктүү шайлоо округу боюнча 306 миң 62ни түздү.

Ошондой эле 218 шайлоо участкасы ачылып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

696