7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алимбаев: «Жалган маалыматтарды таратпоого чакырам, бул сиздердин жардамыңыздар болсун!»

598

Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу бар. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

«Урматтуу мекендештер жана соцтармактын айрым активдүү колдонуучулары! Учурда Баткен облусундагы кырдаал мурунку күндөргө салыштырмалуу турукташууда, бирок чыңалуу бар. Социалдык тармакка чек арага байланыштуу такталбаган маалыматтар тарап кетүүдө. Мен сиздерди такталбаган жана туура эмес маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырам. Сиздердин Баткен облусуна кошкон салымыңыздар ушул болсун. Мындай маалыматтар биздин ишмердүүлүгүбүзгө тоскоолдук кылып, облустун тургундарын дүрбөлөңгө салып жатат. Азыркы учурда облуста Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер ар тараптуу иштерди алып барышууда. Мен барыңыздарды сабырдуулукка, ынтымакка жана биримдикке чакырамын», — деди ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599