Кыргызстандын аймагындагы контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле «Берекет» соода борборунун (Ош базары) соода түйүндөрүн текшерүүнүн жыйынтыгында күмөндүү акциздик маркалар менен (анын ичинде акциздик маркалары жок) 12 миң даанадан ашык алкоголдук продукциялар табылды. Ошондой эле, 4 миң пачкадан ашык шектүү өндүрүштөгү акциздик маркалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу үчүн машиналар, шаймандар, этикеткалар, капкактар, бөтөлкөлөр жана контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү үчүн зарыл болгон башка тетиктер табылып алынды»,- деп берилет маалыматта.
Алынган контрафакттык продукциянын жана акциздик маркалардын базар баасы болжол менен 3 миллион сомго жакын.
УКМК жашыруун цехтердин продукциясы белгиленген өндүрүш жана сапат стандарттарына жооп бербестигин, алардын алкоголдук ичимдиктерди чыгарууга лицензиясы, сертификацияланган жабдуулары жок экендигин белгилейт. Колго өндүрүүдө тиешелүү өндүрүш жана куюу технологиялары сакталбагандыгы жана сапаты күмөндүү чийки заттар пайдаланылган. Бул жагдайлардын баары кийин элдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирерин баса белгилейт.
Белгилей кетсек, алкоголдук продукцияны тымызын өндүрүү, тиешелүү салыктык төлөмдөрдү, анын ичинде акциздик салыкты төлөөдөн качуу, республиканын бюджетине олуттуу зыян келтирип, алкоголду өндүрүү жаатында мамлекетке тоскоолдук жаратууда.