7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алкоголдук продукциялардан 2 млрд сомдон ашык салык алынды

484

Айнура Эргешова: 2025-жылдын январь-июль айларында КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы республикада өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 2 млрд 36 млн сом акциз салыгын чогултту.

Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 млн сомго көп.

Мындан тышкары, 2025-жылдын 7 айында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон алкоголдук продукциялардан түшкөн акциздик салыктын көлөмү 426 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 98 млн сомго көп.

Соода тармагында (чекене жана дүң) сатылып жаткан маркаланууга тийиш болгон продукциянын акциздик маркасынын бар же жок экендигин жана анын аныктыгын Салык кызматынын органдары көзөмөлдөйт.

Салык кызматы жарандарды жасалма жана контрафакттык продукцияны колдонуудан качуу үчүн алкоголдук продукциядагы акциздик марканын аныктыгын текшерүүгө чакырат.

Аны текшерүү үчүн “Salyk” мобилдик тиркемесинде “Акциздик марка” бөлүмү бар. Ал жерде маркадагы Data-Matrix кодун сканерлөө аркылуу продукция тууралуу маалымат алууга болот. Ушундай эле функция cabinet.salyk.kg сайтынын “Акциздик марка” бөлүмүндө да жеткиликтүү.

485