7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алкоголдук продукцияларды чыгарган жашыруун цехтер аныкталды

581

МУКК жана КР Финансы министрлигине караштуу Алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу иштерине бөгөт коюлду.

17-ноябрда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында өндүрүштүк масштабдагы алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Береке универсал» соода борборунда күмөндүү акциздик маркалары бар даяр алкоголдук продукциянын ири партиясы табылган.

— 12159 даана өлчөмүндө алкоголдук продукция;
— 4676 даана күмөндүү акциздик маркалар;
— 474,5 литр спирт;
— 7000ден ашык энбелгилер;
— 889 литр (самогон) алкоголдук продукция;
— 3 даана алкоголдук ичимдиктерди даярдоочу аппарат.

Учурда кылмыш ишин козгоо үчүн маанилүү болгон иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

582