7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алма жүрөккө пайдалуу жана 2-типтеги кант диабетинин коркунучун 28% га төмөндөтөт

1281

Алма бул витаминдерге бай жемиш. Цитрус жемиштерине караганда алмадагы А витамин 50%га көп. Алма жөнүндө кызыктуу фактыларды жана организмге болгон пайдалуулугун билип алыңыз.

Пайдасы:

  • Жүрөккө пайдалуу. Алма кандагы холестеринди азайтып, тамырлардын ичкеришине жол бербейт.
  • Алма өпкө рагынын, ошондой эле колоректалдык, көкүрөк жана ичеги-карын ооруларынын коркунучун азайтууга жардам берет.
  • Күнүмдүк тамак-аштагы алма 2-типтеги кант диабетинин коркунучун 28% га төмөндөтөт.
  • Алма витаминдерге бай келет. Иммунитетти көтөргөнү жардам берет.
  • Алма ашыкча тамактануунун алдын алат жана салмакты сактоого жардам берет. Курамындагы витаминдер көп убакыт ток жүргөнгө жардам берет.
  • Элдик дарыгерлер сары түстөгү алмалар иммунитетти, жашыл тишти жана кызыл тамырларды жакшыртат деп тастыктап айтышат.
  • Алманын курамында ден-соолукка пайдалуу кальций, магний, фосфор, калий, натрий жана цинк бар.

Кызыктуу фактылар:

  1. Казакстан менен байланышы. Казакстан өлкөсү алманын мекени деп эсептелинет. Бекеринен анын борбору Алма-Ата (Алматы) деп аталып калган эмес, бул «алманын атасы» дегенди билдирет.
  2. «Apple» жана Апаллон. Алманын англисче аталышы «Apple», Аполлон (күндүн кудайы) аталышынан келип чыккан. Чындыгында, Байыркы Грецияда алма дарагы Аполлондун ыйык дарагы деп эсептелинген.
  3. Алма жана Жаңы жыл. Фактыга таянсак, жаңы жылдык балатылар алгач алма менен кооздолгон. Бирок  1848-жылы Германияда алма бак түшүм бербей калгандан соң Лауш шаарынан жаңы идея түзүп алма жемишине окоштуруп оюнчук жасашкан. Ошондон кийин балатыны шарчалар менен кооздоп калышкан.
  4. Алманын төрттөн бир бөлүгү абадан турат. Эгер сиз аны сууга таштасаңыз, ал канчалык оор болсо да чөгүп кетпейт, тескерисинче калкып калат.
  5. Алманын данектеринде клеткалардын дем алышына тоскоол болгон цианид – өлүмгө алып келүүчү уу бар. Бирок, жемиштин данекчелери менен уулануу кыйын, анткени мындай жол менен уулануу үчүн орто эсеп менен 200 алманын үрөнүн жеш керек. Мындан тышкары, аларды жакшылап чайнабаса алар бүтүн бойдон чыгып, цианид денеге аз өлчөмдө да таасир бере албай калат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1282